Саясат

Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Түркмөнстандын Аваза шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда.

Иш-чаранын алдында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду тосуп алуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчылары саламдашып, биргелешип сүрөткө түшүштү.

Аземге ошондой эле Азербайжан президенти Илхам Алиев, Армения премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Ирандын президенти Масуд Пезешкиан катышты.

Биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин делегациялардын башчылары тар курамдагы жолугушууга катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.

Тектеш кабарлар

Back to top button