Коом

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, 13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин шаардын айрым аймактарында ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине, социалдык-тиричилик жана өнөр жай объектилерине берилбейт.
Суу өчүрүлө турган аймактар:

Алыкулов көчөсү — Костанай көчөсү — Муром көчөсү — Садыгалиев көчөсү — Лев Толстой көчөсү — Coca-Cola компаниясынын аймагы;

Садыгалиев көчөсү — Чүй проспектиси — П. Лумумба көчөсү — Волков көчөсү — Костанай көчөсү;

андан ары Алимжан-Ата көчөсү — БЧК — Ленская көчөсү — Космонавттар көчөсү — Коммунаров көчөсү — БЧК — Ала-Арча дарыясы — Рыскулов көчөсү — Чүй проспектиси — Пишпек көчөсү — Жамгерчинов көчөсү — Кайназаров көчөсү — Гатчинская көчөсүнө бурулуш — П. Лумумба көчөсү — Жамгерчинов көчөсү аркылуу Садыгалиев көчөсүнө чейин.
Ошондой эле аскер шаарчасы, Кызыл-Аскер конушу, 110-квартал турак жай массиви жана «Достук» кичи району да суусуз калат.

Суу менен камсыздоо убактылуу токтотулушу «Батыш» суу алуучу жайында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо жана алдын алуу иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.


«Бишкекводоканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын жана мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button