Коом

Бишкекте коомдук тамактануучу жайларга, ветеринардык дарыканаларга жана эт сатуучу түйүндөргө мониторинг жүргүзүлдү

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын инспекторлору ишкерлерге ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө жарлыкка киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызын түшүндүрүп жатышат.

9-октябрда аталган кызматтын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору борбор калаадагы коомдук тамактануу жайларына, ветеринардык дарыканаларга жана эт сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө объектилердин санитардык абалы, ветеринардык коштоочу документтердин бар-жогу жана мыйзамда белгиленген талаптардын сакталышы бааланды.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мораторийдин аракетинен ветеринария, фитосанитария жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын карантинге алынуучу продукцияга жана объектилерге карата көзөмөл жүргүзүүсү чыгарылат.

Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, инспекторлор өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде тиешелүү чараларды көрө алышат. Мыйзамда каралган негиздер болгон учурда айып пул салуу жана ишкананын ишин токтото туруу сыяктуу жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button