Окуялар
Бишкекте кишини сабап, зордуктап кеткенге шектүүлөр кармалды

Бишкекте жигитке кол салып, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерин жасаган деп шектелген төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 9-октябрда болгон. Жабырлануучу белгисиз адамдар анын денесине залал келтирип, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүшкөнүн айтып арыз менен кайрылган. Аталган факт боюнча “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери видеокөзөмөл камералары аркылуу төрт шектүүнүн өздүгүн аныктап, аларды убактылуу кармоочу жайга киргизди.
Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.



