Каныбек Досмамбетов менен Курванбек Авазов коррупцияга шектелип кармалды

Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетов жана УКМКнын мурдагы төрагасынын биринчи орун басары Курванбек Авазов кармалды. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти.
Алардын маалыматына ылайык, Кыргызстандын Аскер прокуратурасынын кызматкерлери Каныбек Досмамбетов менен Курванбек Авазовду коррупцияга шектелип кармашкан.
Эске салсак, Курванбек Авазов 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 10-февралына чейин УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалаган. Бул мезгил Камчыбек Ташиевдин УКМК төрагасы кызматынан кетиши менен бир убакта аяктаган.
Каныбек Досмамбетов 2026-жылдын 24-февралында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазган.
Саламаттык сактоо министри болуп дайындалганга чейин Досмамбетов УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган.



