Чүйдө балыкты кайра иштетүүчү заманбап завод ачылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 15-октябрда «Салих Аква» балык өстүрүү кластеринин алкагында курулган балыкты кайра иштетүүчү заманбап завод ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Заводдун ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Эрлист Акунбеков катышты.
Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 3 миң тоннага чейин даяр продукцияны түзөт. Бул жерде форель, осетр жана балыктын башка түрлөрү кайра иштетилет. Ошондой эле завод кластерге кирген ишканалардан тышкары, ата мекендик башка балык өстүрүүчү чарбалардан да чийки зат кабыл ала алат.
«Салих Аква» кластери өндүрүштүн толук циклин камтыйт. Ага балык тоютун өндүрүү, балык икрасын инкубациялоо, чабактарды өстүрүү, форель жана осетр балыктарын багуу, кара икра өндүрүү жана балыкты терең кайра иштетүү кирет. Кластер жылына 5 миң тоннага чейин балык тоютун өндүрүүгө жөндөмдүү.
2022-жылдан бери кластерди өнүктүрүүгө 10 миллион АКШ долларына жакын каражат жумшалган. Анын ичинен 6 миллион 355 миң долларын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган.
Заводдун ишке кириши ата мекендик балыкты кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, кошумча наркы жогору продукцияларды өндүрүүнү кеңейтүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган.
Ошондой эле ишкана жергиликтүү балык өстүрүүчүлөр менен кызматташтыкты чыңдоого, импортко көз карандылыкты азайтууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот деп күтүлүүдө.



