Маданият

Бүгүн Бишкекте Шакиранын Борбор Азиядагы алгачкы концерти өтөт

18-октябрга караган түнү дүйнөгө белгилүү ырчы Шакира Las Mujeres Ya No Lloran World Tour аттуу дүйнөлүк турнесинин алкагында Кыргызстанга келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан ырчыны Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов тосуп алышты.

Белгилей болгондой, ырчынын бүгүн, 18-октябрда саат 19:00дө, Bishkek Arena стадионунда Борбор Азиядагы алгачкы концерти өтөт.

Көрүүчүлөрдү Hips Don’t Lie, Waka Waka, Whenever, Wherever сыяктуу дүйнөгө таанымал хиттер жана масштабдуу музыкалык шоу күтөт.

Көрүүчүлөр үчүн маанилүү маалымат:

Концертке байланыштуу бүгүн саат 07:00дөн тарта стадиондун айланасындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Атап айтканда, төмөнкү көчөлөрдүн айрым тилкелеринде жол кыймылы чектелет:

* Аалы Токомбаев көчөсү — Масалиев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;

* Муромская көчөсү — Алыкулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;

* Эр-Тайлак көчөсү — Масалиев көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейин;

* Куюков көчөсү — Масалиев көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейин.

Көрүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн стадионго алты багыт боюнча акысыз автобустар уюштурулган.

Автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин, ар 4–6 мүнөт сайын каттайт. Концерт аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра жеткирүү да каралган.

Уюштуруучулар көрүүчүлөрдү жолго алдын ала чыгууга жана акысыз коомдук транспортту пайдаланууга чакырат.

Билеттерди расмий сайттан сатып алууга болот: https://ticket.gov.kg

Шакиранын концерти Кыргызстандын тарыхындагы ири маданий окуялардын бири болуп, өлкөбүздүн окуялык туризмин өнүктүрүүгө жана эл аралык аброюн жогорулатууга чоң салым кошот.

Тектеш кабарлар

Back to top button