Пайдалуу кеңештер

Ден соолукту чыңдоо үчүн күнүнө канча кадам басуу керектиги илимий жактан аныкталды

Ден соолукту чыңдоо үчүн күнүнө 10 миң кадам басууну максат кылуу милдеттүү эмес. Мындай жыйынтык The Lancet басылмасында жарыяланган илимий изилдөөлөрдүн мета-анализинде белгилүү болду.

Изилдөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, күн сайын 7 миң кадам басуу деменция, депрессия жана жүрөк ооруларынын коркунучун азайтууга жардам берет. Бул көрсөткүч ден соолукка пайдалуу күнүмдүк физикалык активдүүлүктүн илимий негизделген чеги катары белгиленген.

Изилдөөнүн жыйынтыгында күнүнө 7 миң кадам баскан адамдардын бардык себептерден улам каза болуу коркунучу 47 пайызга, ал эми жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу 25 пайызга төмөн экени аныкталган.

Мындан тышкары, мындай активдүүлүк 2-типтеги кант диабетинин коркунучун 14 пайызга, депрессияныкын 22 пайызга, кокусунан жыгылуунун коркунучун 28 пайызга жана деменцияныкын 38 пайызга азайтары айтылды.

Окумуштуулар ден соолукка эң чоң оң таасир күн сайын 5 миңден 7 миңге чейин кадам баскан адамдарда байкаларын кошумчалашты.

Тектеш кабарлар

Back to top button