Бишкекте 21-октябрдан тарта шаардык фонтандар өчүрүлөт

Бишкек шаарындагы фонтандар 20-октябрда быйылкы сезондо акыркы жолу иштейт. Андан кийин адистер фонтан комплекстерин кышка даярдоо иштерин башташат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Муниципалдык «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери фонтандардын бассейндериндеги сууну агызып, тазалашат. Ошондой эле электр насостору менен суу чачыратуучу жабдууларды демонтаждап, жарыктандыруу системаларын тазалашат.
Мэриянын маалыматына караганда, быйыл жети фонтан комплексинде иштер аяктады. Алардын катарында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанындагы, Жаштар аллеясындагы, Баатырлар аллеясындагы, «Аска-Таш» комплексиндеги жана Улуттук тарых музейинин алдындагы фонтандар бар.
Карагач токоюндагы фонтандарды оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Ал эми Тарых музейинин алдындагы борбордук фонтанда реконструкция иштери башталды. Мындан тышкары, «25 чөйчөк» фонтанынын долбоордук-сметалык документтери бекитүүгө сунушталган.
Фонтандарды кышка даярдоо иштерин октябрдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Андан соң адистер насосторду, электр кыймылдаткычтарын, түтүктөрдү жана башка жабдууларды техникалык тейлөөдөн өткөрүп, оңдоп-түзөшөт.
Учурда муниципалдык «Тазалык» ишканасынын карамагында жалпысынан 17 фонтан комплекси бар.



