Кыргызстан Boeing учактарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Самарканд шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушту. Жолугушуу «Борбор Азия – АКШ» («С5+1») форматындагы министрлердин жолугушуусунун алкагында өттү.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тараптар жарандык авиация тармагындагы кыргыз-америкалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде Кыргызстандын авиакомпаниялары үчүн Boeing учактарын сатып алуу маселесин талкуулашты.
Ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүү коммерциялык сунуштарды иштеп чыгууга, АКШнын Экспорттук-импорттук банкынын катышуусу менен каржылоо шарттарына, техникалык тейлөөнү жана авиациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.



