Коом

Бишкекте 21-октябрдан тарта №31 жаңы автобус каттамы иштей баштайт

21-октябрдан тарта Бишкекте №31 жаңы автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы каттам Ак-Жар конушунан Ибраимов көчөсүнө чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт. Каттамда күн сайын 7-8 автобус кызмат көрсөтөт.

Мэриянын белгилешинче, жаңы каттам шаар тургундарынын коомдук транспортко жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, жол жүрүүнү ыңгайлуу кылат жана шаар ичинде каттамдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Тектеш кабарлар

Back to top button