Кыргызстанда электр энергиясы үчүн дебитордук карыз 795 млн сомго жетти

Кыргызстанда электр энергиясы үчүн дебитордук карыз 795 млн сомду түзөт. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев Жогорку Кеңештин өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жыл башында карыздын көлөмү 803,5 млн сомду түзгөн. Тогуз айдын ичинде ал 8,3 млн сомго кыскарган.
«Негизги карызкорлор — бюджеттик уюмдар, жылуулук менен камсыздоочу ишканалар жана карызы бир айдан экинчи айга өтүп келген керектөөчүлөр», — деди Илгиз Сыдыгалиев.
2026-жылга карата дебитордук карызды 10 пайызга кыскартуу планы коюлган. Депутаттар бул көрсөткүч өтө төмөн эмеспи деген суроо узатышты.
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын жетекчиси белгиленген планды аткаруу жана карызды кыскартуу темпин 10 пайыздан төмөн түшүрбөө максаты бар экенин белгиледи.



