Коом

«Манас» аэропортунда 2 миңден ашык адам бата турган мечит курулат

«Манас» эл аралык аэропортунда өзгөчө архитектуралык долбоор менен жаңы мечит куруу пландалууда. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКсы маалымдады.

Маалыматка ылайык, имарат заманбап архитектуралык чечимдерди улуттук колорит менен айкалыштырган өзгөчө стилде курулат. Мечиттин аянты 1 миң 500 чарчы метрди түзүп, 2 миңден ашык адамды батыра алат.

Мечиттин курулушу жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Каалоочулар бул сооптуу долбоордун ишке ашуусуна өз салымын кошо алышат.

Курулуш иштерин 2026-жылдын аягында баштап, 2027-жылдын соңуна чейин бүтүрүү пландалууда.

Кайрымдуулук үчүн эсептик реквизиттер жарыяланган материалдын акыркы слайдында көрсөтүлгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button