СССРдин эл артисти, опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева каза болду

СССРдин эл артисти, опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева акка моюн сунду. Маалыматты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынан тастыкташты.
Кыргыздын маданий улуу көчүн улаган булбул үндүү талант 90 жашта болчу.
Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.
Москвадагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны аяктап, 1962-жылы Фрунзе шаарындагы Опера жана балет театрына солист болуп ишке кирген.
Опера ырчысы сахнада «Айчүрөк», «Жамийла», «Манас», «Токтогул», «Сепил», «Аида», «Курманбек», «Евгений Онегин», «Чио-Чио-Сан», «Отелло», «Дон Карлос», «Дон Жуан» өңдүү 50дөй операда образдарды жаратып, 1969-70-жылдары Москвадагы Чоң театрда тажрыйба топтогон.
КРдин эл артисти соңку маалда мугалимдикти аркалап Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинде, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жаштарга сабак берген.
Кийин ардактуу эс алууда эле.
«Кыргыз радиосунун» алтын фондуна 600дөй ария, романс, ырларды оркестрдин коштоосу менен аткарып жаздырткан.



