Коом

Мээнин шишигин операциясыз дарылаган аппарат кайсы ооруканада орнотулганы айтылды

Кыргызстанда мээнин айрым шишиктерин хирургиялык кийлигишүүсүз дарылаган «Гамма-бычак» аппараты орнотулду. Бул тууралуу КММАнын проректору Кеңешбек Ырысов билдирди.

Жабдуу Онкология жана гематология улуттук борборунун аймагындагы КММАнын №8 академиялык клиникасына жайгаштырылды. Аппаратты иштетүү үчүн Канададан радиоактивдүү кобальттын келишин күтүп жатышат.

Ырысовдун айтымында, аппарат Швециядан сатып алынган. Аны орнотуу үчүн радиациялык коопсуздук талаптарын эске алуу менен өзүнчө жай даярдалды. Швециялык адистер жайдын даярдыгын текшерүүгө катышып, жабдууну иштетүүгө жардам беришет.

«Гамма-бычак» стереотаксикалык радиохирургия ыкмасын колдонот. Мындай дарылоодо баш сөөк ачылбайт, ал эми нур жабыркаган жерге миллиметрдик тактык менен багытталат.

Ырысовдун айтымында, аппарат өлчөмү мээнин кээ бир 3 смге чейинки шишиктерин, ошондой эле кан тамырлардын айрым патологияларын дарылоого мүмкүндүк берет. Мындай ыкманы колдонуу мүмкүнчүлүгү ар бир бейтап үчүн өзүнчө аныкталат.

Процедура 40 мүнөттөн бир саатка чейин созулат. Ооруга жараша дарылоо бир сеанста жүргүзүлүшү мүмкүн, айрым учурларда үч же беш процедура талап кылынат.

Кеңешбек Ырысов «Гамма-бычак» биринчи кезекте мээнин патологияларын дарылоого арналганын айтты. Дененин башка бөлүктөрү үчүн башка жабдуу, атап айтканда, «Кибер-бычак» колдонулат.

Кыргызстанда дарылоонун баасы азырынча аныктала элек. Тарифтерди аппарат иштей баштагандан кийин Минкаб жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте белгилөө пландалууда.

Салыштыруу үчүн профессор чет өлкөлөрдөгү мындай дарылоонун бааларын атады. Анын айтымында, Казакстанда процедура 5 миң доллардан ашык, Орусияда кеминде 10 миң доллар, ал эми Түркияда болжол менен 15 миң доллар турат.

Ырысов Кыргызстанда дарылоо арзаныраак болорун айтты. Анын алдын ала баалоосу боюнча, аппарат бир күндө кеминде 10 бейтапты кабыл ала алат, бирок так жөндөмү иш башталгандан кийин аныкталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button