Коом
Бишкектеги 100дөн ашык мектепте шахмат ийримдери ачылат

Бишкектеги 100дөн ашык мектепке шахмат ийримдерин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Демилге президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде ишке ашырылып, 2026-2027-окуу жылында өлкөнүн 500 мектебиндеги 3-5-класстын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулат.
«Мектептерге шахмат такталары, фигуралар жана таймерлер берилет. Учурда жабдууларды өлкөнүн башка аймактарындагы мектептерге жеткирүү иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.
Долбоордун жыйынтыктарына 10 айдан кийин мониторинг жүргүзүлөт.



