Саясат
Садыр Жапаров «Мадина» базарынын соодагерлерине кенемте төлөө маселеси караларын билдирди

Президент Садыр Жапаров «Мадина» базарынын негиздөөчүсү жана көп жылдар бою ээси болгон Турсунтай Салимов соодагерлерге кенемте төлөө маселесине тартыларын билдирди.
20-октябрда мамлекет башчысы «Мадина» базарынын соодагерлери менен жолугушту. Анда ишкерлер мурда сатып алган соода орундарынын тагдырына байланыштуу маселени көтөрүштү.
Президенттин айтымында, бул маселени укук коргоо органдары карайт.
«Турсунтай чакыртылат. Ал соода жайларын 20 миллион долларга саткан. Бул аз сумма эмес. Жок дегенде анын бир бөлүгүн кайтарып берсин», — деди Садыр Жапаров.



