Коом

Кыргызстан балдар онкологиясын дарылоодо Roche компаниясы менен кызматташат

Самарканд шаарында өткөн балдар онкологиясы боюнча эл аралык саммиттин алкагында саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү Roche эл аралык фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, анда онкологиялык ооруга чалдыккан бейтаптар үчүн заманбап дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле балдар онкологиясы жана онкогематологиясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги негизги көңүл борборунда болду.

Тараптар инновациялык дарылоо ыкмаларынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, дары-дармек менен камсыздоо ыкмаларын өркүндөтүү жана улуттук саламаттык сактоо системасынын муктаждыктарын эске алуу менен заманбап дарылоо ыкмаларын киргизүү маселелери боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Залалдуу шишик оорулары менен жабыркаган балдарды дарылоо маселелерине өзгөчө маани берилди. Бул багытта натыйжалуу дары-дармектерди өз убагында алуу принципиалдуу мааниге ээ экени белгиленди.

Балдар онкологиясын өнүктүрүү клиникалык протоколдорду өркүндөтүүнү, диагностикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү, медициналык кадрларды даярдоону жана зарыл дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну камтыган комплекстүү мамилени талап кылары айтылды.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button