Коом

Бишкекте жаңы отканалар ишке кирди

Бишкекте «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын жаңы отканалары иштей баштады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Мэр Айбек Жунушалиев 10-кичи райондогу жана «Ротор» отканаcына барып, жаңы жабдууларды ишке киргизди.

10-кичи райондогу отканага ишкананын өз күчү менен чыгарылган жалпы кубаттуулугу 25 МВт болгон үч газ казаны орнотулду. Алардын пайдалуу аракет коэффициенти 93 пайыздан жогору. Ушундай эле жабдуулар Энергетиктер шаарчасында да орнотулган. Эки объект жалпысынан 7 миң 300дөн ашык абонентти жылуулук менен камсыздайт.

Ал эми «Жал» турак жай конушунда жайгашкан «Ротор» отканасына жалпы кубаттуулугу 20 МВт болгон эки жаңы газ казаны орнотулду. Мурунку жабдуулар дээрлик 40 жылдан бери колдонулуп келген.

Мындан тышкары, мэр ишкананын 16 объектисинде орнотулган жылуулук насосторун башкаруучу бирдиктүү диспетчердик системаны онлайн режиминде ишке киргизди. Бул система жабдуулардын ишин аралыктан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Жылуулук насосторун колдонуу көмүр менен электр энергиясынын чыгымын кыскартууга жана атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга шарт түзөт.

Шаар башчысы отканалардын айланасын талаптагыдай көрктөндүрүүнү тапшырды. Ал муниципалдык объектилер таза жана тыкан кармалып, башкаларга үлгү болушу керектигин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button