Коом

Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолу тоо этектеп өтөт

Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолу Балыкчы шаарынан башталып, Сары-Камыш айылынын үстү менен өтүп, андан ары тоо этектей уланат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда темир жолду куруу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Алгач Балыкчы шаарында жер бөлүштүрүү иштери башталат.

Ошондой эле көпүрө куруучулардын базасы курулуп бүттү. Долбоорго ылайык, жол боюндагы айылдардын жогору жагына жүргүнчүлөр үчүн аялдамалар курулат.

Курулуш иштерин 2027-жылы баштоо пландалып жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button