Убактылуу депутаттык комиссия Кара-Балта шаарында көчмө жыйын өткөрдү

Бүгүн, 29-октябрда, Жогорку Кеңештин республикадагы экологиялык коопсуздуктун абалын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы Чүй облусунун Кара-Балта шаарында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, депутаттык комиссиянын төрайымы Махабат Мавлянова баштаган депутаттар — Чолпон Эсенаманова, Бактыбек Чойбеков, Алтынкуль Мурзакимова, Улукбек Узакбаев, Бахридин Шабазов тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте алгач «Джунда» мунай иштетүүчү заводунда болушту.
Мындан тышкары, депутаттык комиссиянын мүчөлөрү аймактагы «Азия Сталь» темир арматураларын чыгарган ишканасына жана «Су-4» асфальт-бетон заводуна да барышты. Депутаттар аталган ишканалардын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздук талаптарынын сакталышына байланышкан жагдайларга күбө болушту.
Акыркы учурда жергиликтүү тургундардын абанын булганышы боюнча арыздарынан улам, Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан текшерүү жүрүп, экологиялык талаптарды иретке келтирүү үчүн «Азия сталь» заводунун мештеринин иши убактылуу токтотулган. Учурда ишкана өндүрүштү модернизациялоо жана чыпкаларды (фильтрлерди) жакшыртуу боюнча иш алып барууда.
Соңунда депутаттык комиссия Жайыл райондук мамлекеттик администрациясында жыйын өткөрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө жашоочулар аймактагы экологиялык абалга, анын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирине жана ишканалардын экологиялык жоопкерчилигине байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүштү. Ошондой эле аларды чечүү боюнча өз пикирлерин жана сунуштарын билдиришти.
Кыдырууда депутат Чолпон Эсенаманова аймактагы ыш маселесин жыл башынан бери көтөрүп келгенин белгилеп, анын негизинде убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөнүн айтты. Ошондой эле жергиликтүү тургундар айтып келген көйгөйлөрдү жеринен көрүп, абал менен таанышып чыгышканын билдирди.
Ал эми депутат Улукбек Узакбаев экологиялык абал Жайыл районунун тургундары көп жылдан бери көтөрүп келе жаткан көйгөйлөрдүн бири экенин айтты.
«Бул ишибиздин жыйынтыгы болушу керек. Маселени бүгүн эле көтөрүп коюу менен чектелбестен, аны системалуу түрдө, мамлекеттик органдар менен биргеликте чечүүбүз зарыл», — деди ал.
Өз кезегинде депутат Бактыбек Чойбеков Кара-Балта шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу жергиликтүү тургундардын эмес, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин түздөн-түз милдети экенин айтты. Ал жарандардын саламаттыгы баарынан жогору турушу керектигин баса белгилеп, көйгөйдү ар тараптуу изилдөө жана аны чечүү жолдорун аныктоо максатында депутаттык комиссия тарабынан бир катар отурумдарды жана көчмө жыйындарды өткөрүү зарылдыгына токтолду.
Ал эми комиссиянын төрайымы, депутат Махабат Мавлянова экологиялык коопсуздук маселеси бир гана Кара-Балта шаарына мүнөздүү эмес экенин, мындай көйгөйлөр өлкөнүн башка аймактарында да бар экенин белгиледи. Анын айтымында, экологиялык абалды жакшыртуу үчүн жергиликтүү тургундардын үнүн угуп, алардын көйгөйлөрүн эске алуу жана учурдагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү маанилүү.
Комиссиянын көчмө жыйынынын негизги максаты — экологиялык көйгөйлөрдүн себептерин жеринен аныктоо, калктын көйгөйлөрүн угуу жана аларды чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу.



