Коом

ОшМУ чет өлкөлүк беш университет менен келишим түздү

 Ош мамлекеттик университети Ташкентте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн эл аралык билим берүү форумунун алкагында беш жогорку окуу жайы менен кызматташуу боюнча келишимдерге кол койду.

Университеттин маалыматына караганда, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Польша, Түркия, Канада жана башка өлкөлөрдүн билим берүү мекемелеринин жетекчилери, окумуштуулар жана эл аралык эксперттер катышты.

Форумдун алкагында ОшМУнун өкүлдөрү чет элдик жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен жолугуп, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында төмөнкү окуу жайлары менен эки тараптуу кызматташуу келишимдери түзүлдү:

Жизак политехникалык институту;

Фергана мамлекеттик техникалык университети;

Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университети;

Ургенч мамлекеттик университети;

Бухара мамлекеттик медициналык институту.

Документтер билим берүү жана илим тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорго багышталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button