Коом

Кыргызстанда көлдөрдү, саздак аймактарды пайдалануу эрежелери иштелип чыгууда

Кыргызстанда көлдөрдү, саздак аймактарды жана башка суу экосистемаларын коргоо жана пайдалануу боюнча бирдиктүү эрежелерди киргизүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документ жаратылыш аймактарын булгануудан, бузулуудан жана чарбалык иштердин ашыкча таасиринен коргоо, ошондой эле сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жана суу канаттууларынын жашоо чөйрөсүн сактоо максатында иштелип чыккан.

Долбоорго ылайык, өлкөдөгү суу-саз жерлерин инвентаризациялоо, алардын чек араларын аныктоо, экологиялык абалына баа берүү жана туруктуу мониторинг жүргүзүү пландалууда.

Экологиялык мааниси өзгөчө болгон аймактарда жаратылышты коргоонун атайын режими киргизилиши мүмкүн.

Мындай режим мал жаюуга, айыл чарба иштерине, туристтик объектилерди курууга, суу чарба курулмаларын жана чакан гидроэлектр станцияларын пайдаланууга кошумча талаптарды камтышы мүмкүн.

Ошол эле учурда бул иштерге автоматтык түрдө тыюу салынбайт. Алар белгиленген экологиялык талаптарды сактоо менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Документте жер ээлеринин укуктарын коргоо маселеси да каралган. Аймакты суу-саз жери деп таануу жана жаратылышты коргоо режимин киргизүү жер тилкесин автоматтык түрдө мамлекеттин карамагына алууга же анын категориясын жана максаттуу багытын өзгөртүүгө алып келбейт.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мындай аймактарды эсепке алуу методикасын иштеп чыгып, картографиялык материалдарды даярдоого жана мамлекеттик маалымат системаларындагы маалыматтарды үзгүлтүксүз жаңыртып турууга тийиш.

Негиздеме-маалымкатта суу-саз жерлери биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо, суу ресурстарын жөнгө салууда жана экологиялык тең салмактуулукту камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганы белгиленген. Бирок суунун булганышы, суу режиминин өзгөрүшү жана чарбалык иштер бул аймактардын абалына коркунуч жаратууда.

Токтомду кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен сөзсүз түрдө кошумча каражат бөлүүнү талап кылбайт. Жаратылышты коргоо иш-чаралары мамлекеттик программалардын жана эл аралык долбоорлордун эсебинен да каржыланышы мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button