Коом
Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тартып жабылат

Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Эки тилкелүү Жалал-Абад – Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Аталган жол 1-июнда убактылуу ачылып, туристтик мезгилде негизги жолдордогу унаа агымын азайтуу үчүн пайдаланууга берилген.
Министрлик анын качан кайра ачыларын тактаган жок.



