Маданият

Мирбек Атабеков Казакстандын «Достык» II даражадагы ордени менен сыйланды

Кыргызстандык эстрада ырчысы Мирбек Атабеков Казакстан Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы — II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ырчынын айтымында, мындай жогорку сыйлык ага чоң сыймык гана эмес, чыгармачылык жолунда кошумча дем-күч жана жоопкерчилик тартуулайт. Ал Казакстандын президентине жана боордош казак элине көрсөтүлгөн сый-урмат жана жогору баа үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз жана казак элдеринин достугу түбөлүктүү болсун! Мындан ары да эки элдин биримдигин жана маданий байланыштарын бекемдөөгө өз салымымды кошо берем», — деп жазды Мирбек Атабеков.

«Достык» ордени тынчтыкты, элдердин достугун жана кызматташтыгын бекемдөөгө, ошондой эле коомдук ынтымакты сактоого кошкон салымы үчүн ыйгарылат.

Сыйлык I жана II даражадан турат. Орден менен Казакстандын жарандары да, чет өлкөлүк жарандар да сыйлана алышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button