Дүйнө

Путин: Россия менен Европанын ортосунда согуш чыкса, жеңүүчү болбойт

Россия менен Европа согуша турган болсо, жеңүүчү болбойт жана муну эч ким унутпашы керек. Мындай пикирин Россия-Африка саммитинин жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында РФ президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.


Путиндин айтымында, Евробиримдиктин лидерлери ушул күнгө чейин Россияны стратегиялык жактан жеңе алышкан жок жана буга 2030-жылга чейин да жетише алышпайт.
“Россия Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштардан алган сабакты унутпайт, ошол себептен мындай нерсе кайталанбашы үчүн колунан келгендин баарын жасайт. Биз Европа менен согушууну каалабайбыз, бирок даярбыз”, — деди Путин.

Тектеш кабарлар

Back to top button