Коом
Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 29,1 пайызга өстү

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө кыйла көбөйдү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу суткалык керектөө 29,1 пайызга өскөн. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө электр энергиясын суткалык керектөө 66 млн 22 миң киловатт-саатты түздү.
Ал эми 2025-жылдын 30-октябрында бул көрсөткүч 51 млн 132 миң киловатт-саат болгон.
Ошентип, бир жыл ичинде электр энергиясын суткалык керектөө 14 млн 890 миң киловатт-саатка же 29,1 пайызга көбөйгөн.
Улуттук электр тармагы кыргызстандыктарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга жана үнөмдөөгө чакырды.



