Коом

Кыргызстанга Кытайдан күйүүчү май темир жол аркылуу жеткириле баштады

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы көлөмдөрү темир жол аркылуу келе баштады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов «Кабар» агенттигинен билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кытайдан күйүүчү май автоунаалар менен ташылып келген. Август айында кыргызстандык өкүлдөр Кытайдагы ири компаниялар менен жеткирүү боюнча келишимдерди түзүшкөн.

Учурда Кыргызстан күйүүчү майды Россиядан тышкары Азербайжан, Түркмөнстан, Беларусь жана Түркиядан да алып келүүдө.

Эшатов белгилегендей, өлкөдө дизель отуну боюнча абал туруктуу. Ал эми бензиндин көлөмү бир аз тартыш болгондуктан, аны керектүү өлчөмдө сатып алуу кыйынчылык жаратууда. Ушуга байланыштуу күйүүчү май жеткирүүчү өлкөлөрдүн санын көбөйтүү жана жеткирүү көлөмүн арттыруу аракеттери көрүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button