Коом
Кыргызстанда «Ала-Тоо Resort» тоо кластеринин биринчи этабы ачылат

«Ала-Тоо Resort» тоо кластеринин биринчи этабы жакынкы күндөрү ачылат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында лыжа тебүүгө шарттар түзүлүп, эс алуу үчүн заманбап инфраструктура курулууда.
«Бул кышкы туризмди өнүктүрүүгө, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жергиликтүү тургундар менен чет элдик туристтер үчүн эс алуунун жаңы багыттарын түзүүгө өбөлгө болот», — деп айтылат маалыматта.



