Спорт

Бишкекте шахмат боюнча мэрдин кубогунун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин кубогунун шаардык этабы — Бишкек шаарынын мэринин кубогунун жеңүүчүлөрүн жана байгелүү орундарды ээлеген катышуучуларды сыйлады.

Мэриянын маалыматына ылайык, мелдеш 24–25-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өтүп, ага 146 жаш шахматчы катышкан. Алардын 87си уулдар, 59у кыздар болгон. Катышуучулар 6, 8, 10, 12, 14, 16 жана 18 жашка чейинки жети курактык категорияда күч сынашкан.

«Турнир Кыргызстандагы эң күчтүү жаш шахматчыларды аныктоого багытталган. Ошондой эле мелдеш балдар жана жаштар арасында шахматты жайылтууну, жаш спортчулардын чеберчилигин жогорулатууну жана өлкөнүн бардык аймактарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген катышуучулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууну көздөйт», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, шахмат менен машыгуу логикалык жана стратегиялык ой жүгүртүүнү, эс тутумду, көңүл топтоо жөндөмүн өнүктүрүп, негиздүү чечим кабыл алууга үйрөтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button