Коом

Орунтаев Бишкектеги заманбап технологиялар менен курулуп жаткан турак жай комплекстерин текшерди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы заманбап технологиялар колдонулуп курулуп жаткан бир катар турак жай комплекстерин кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министр курулуштун сапатына, колдонулуп жаткан технологияларга, курулуш материалдарынын белгиленген талаптарга шайкештигине жана коопсуздук эрежелеринин сакталышына өзгөчө көңүл бурган.

Ошондой эле Нурдан Орунтаев эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен колдонулуп жаткан курулуш ыкмалары менен таанышкан. Кыргызстанда мамлекеттик стандарттар менен катар Кытайдын жана башка өнүккөн өлкөлөрдүн курулуш тажрыйбалары колдонулуп, бул тармакты өнүктүрүүгө жана курулуштун сапатын жогорулатууга багытталган.

Министр төмөнкү объектилерди кыдырган:

  • «Хан Теңири» көп функционалдуу турак жай комплекси — Токтоналиев көчөсү, 163. Комплекс 28 кабаттуу эки блоктон жана 40 кабаттуу бир блоктон турат. Куруучу компания — «Хан-Тенири Девелопмент» ЖЧКсы.
  • «Тянь-Шань» турак жай комплекси — Токтоналиев көчөсү, 165. Долбоордо 23–25 кабаттуу сегиз блокту жана бала бакча куруу каралган. Куруучу компания — «Руби Строй» ЖЧКсы.
  • «Нео Сити» көп функционалдуу комплекси — Апсамат Масалиев проспектиси, 22. Комплекс 26 кабаттуу жети блоктон турат. Куруучу компания — «Монарх Стиль» ЖЧКсы.
  • «Эвернью» турак жай комплекси — Малдыбаев көчөсү, 259. Долбоордо 24 кабаттуу жети блоктун курулушу каралган. Куруучу компания — «Синхэн Строй» ЖЧКсы.

Мындан тышкары, Нурдан Орунтаев «Эвернью» турак жай комплексинин 24-кабатынын чатырын жабуу иштеринин аякташы аземине катышкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button