Коом

Агроазык-түлүк паркын түзүүгө $370 миң бөлүнөт. Каражат эмнеге жумшалат?

Кыргызстанда интеграцияланган агроазык-түлүк паркын түзүү долбооруна Евразия өнүктүрүү банкы 370 миң 509 доллар бөлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Аймактык өнөр жайды өнүктүрүү форумунун алкагында долбоорду каржылоо боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлду. Иш-чарага министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев катышты. Келишим ЮНИДОнун катышуусунда түзүлдү.

Долбоордун алкагында агроазык-түлүк паркын түзүүнүн техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып, аны өнүктүрүү модели жана инвестиция тартуу стратегиясы иштелип чыгат.

Мындан тышкары, Мирбек Дүйшеев ЮНИДОнун башкы директорунун орун басары Марина Понти менен жолугуп, кайра иштетүү өнөр жайын, агроөнөр жай кластерлерин, аквакультураны жана балык чарбасын өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Тектеш кабарлар

Back to top button