Окуялар
Грузиядан алдамчылыкка шектелген кыргызстандык алып келинди

Грузиядан өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган М.Ж. аттуу жаран экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Тергөөдөгү маалымат боюнча, шектүү автоунааны сатып алуу-сатуу келишимин түзүү шылтоосу менен жабырлануучуну алдап, анын өзгөчө ири өлчөмдөгү акчасын ээлеп, андан соң кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында өлкөдөн чыгып кеткен.
Айыпталуучу ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда алып келинип, тергөө абагына киргизилди.



