Коом
Ысык-Көлдөгү «Жомок» каньону жана Туздуу көл муниципалдык башкарууга өтүп, кирешеси артты

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы «Жомок» каньону быйылкы жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетке 7,5 млн сом киреше алып келди.
Былтыр аймак жеке ижарадан айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылгандан кийин бюджетке түшкөн каражат байкаларлык өстү (2025-жылы 5,5 млн сом болгон). Учурда туристтерге шарт түзүү үчүн 36 млн сомдук оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Ошондой эле райондогу Туздуу көлдүн инфраструктурасы да жаңыланууда:
Демөөрчүлөрдүн эсебинен 17 млн сомдук долбоор ишке ашырылып, 4,5 чакырымдан электр линиясы тартылды.
Скважина казылып, таза суу чыгарылды жана заманбап санитардык жайлар курулду.
Жергиликтүү бийлик туристтик жайлардагы шарттарды жакшыртуу менен аймактын бюджетин чыңдоону максат кылууда.



