Улан Ниязбеков Казакстандын ИИМдин Башкаруу академиясына барды

Улан Ниязбеков Казакстандын ИИМдин Башкаруу академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Казакстан Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын ИИМдин Башкаруу академиясына барды.

Сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын ИИМ башчысы академиядагы окуу процессинин уюштурулушу, материалдык-техникалык базасы, билим берүү жана илимий-практикалык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлерин даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуудагы заманбап ыкмалар менен таанышты.

Өзгөчө көңүл заманбап билим берүү технологияларын колдонууга, окуу-методикалык иштерди өркүндөтүүгө жана ведомстволук билим берүү тармагында тажрыйба алмашууга бурулду.
Мындай таанышуу сапарлары эки өлкөнүн ведомстволор ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоого жана ички иштер органдарына кадрларды даярдоо багытындагы мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.



