Кыргыз экспорт: Ата мекендик ишканалар Европа рыногуна чыгууга даярданууда

Кыргыз экспорт: Ата мекендик ишканалар Европа рыногуна чыгууга даярданууда.
«Кыргыз экспорт» борборунун директору Урмат Такиров ата мекендик ишканаларды тышкы рынокко чыгаруу боюнча иштер уланып жатканын билдирди. Учурда бир катар компаниялар Европа аймагында талап кылынган OEKO-TEX эл аралык сертификатын алууга даярданып, санариптик аянтчаларын ишке киргизүүдө.
Экспортчуларды колдоо алкагында 2027-жылдан тарта мамлекеттик жардамдын жаңы эки механизми киргизилет:
Жеңилдетилген насыялоо: Экспорттук келишимдердин негизинде Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу каржылоо бөлүнөт.
Чыгымдарды кайтаруу: Ишканалардын эл аралык сертификаттарды алууга жана продукцияны чет өлкөлүк лабораториялардан сыноодон өткөрүүгө кетирген каражатынын бир бөлүгү компенсацияланат.
Урмат Такиров сертификаттоо чыгымдары чакан бизнес үчүн оордукту жаратканы менен, бул кадам продукциянын баасын жогорулатууга жана жаңы чет элдик рынокторду багынтууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.



