Коом
6-ноябрга карата аба ырайы

Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Жума күнү өлкөдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +19…+24, Талас менен Баткенде +18…+23, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +10…+15 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +21…+23, Ошто +20…+22 градуска жетет.



