Коом
2023-жылдын акыркы 2 айында 251 менчик клиникага 1,5 млн сом айып пул салынды
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси Аман Осмонов билдирди.
Анын айтымында, эки айда Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда 626 менчик клиника текшерилип, 216сынын медициналык ишмердүүлүккө лицензиясы жок болуп чыккан. Анын негизинде 251 медициналык борборго 1,5 млн сом айып пул салынган.
Рейд уланууда.



