Спорт

Азия кубогуна тандоо (U-17): Кыргызстан Түндүк Мариана аралдарын 12:0 эсебинде талкалады

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы Азия кубогунун (U-17) тандоо раундун ийгиликтүү баштады.

Бишкекте өтүп жаткан тандоонун биринчи оюнунда Игорь Кудренко жетектеген команда Түндүк Мариана аралдарынын командасы менен беттешти. Жолугушуу Кыргызстан курамасынын пайдасына 12:0 эсебинде аяктады.

Топ киргизген оюнчулар: Алымбек Исаев (3), Ариет Абилов (2), Эржан Аскербеков (2), Байэл Мирланов (2), Салават Алимжанов, Эмир Эмилев жана Азизхон Хожаев.

Ушул жеңиштин аркасында Кыргызстан курамасы тайпада 1-орунга чыкты.

Тектеш кабарлар

Back to top button