Медиа

Кыргызстандык режиссёрлор эл аралык сынактан грант утуп ала алышат

Кыргызстандык режиссёрлор «Орус тилиндеги мыкты чет элдик тасма» киносынагына катышууга чакырылат. Бул тууралуу «Евразия» коммерциялык эмес автономдуу уюму (АНО) билдирди.


«Бул тажрыйбалуу жана жаңыдан иш баштаган режиссёрлор үчүн өз тасмасына грант утуп алуу мүмкүнчүлүгү. Темалар — улуттук мурас, Улуу Ата Мекендик согуштун окуялары жана өлкөлөрдүн өнүгүшүнө салым кошкон инсандардан тартып салттуу баалуулуктар, коомдук көйгөйлөр, спорт жана заманбап кинону жайылтуу багыттарын камтыйт», — деп айтылат маалыматта.
Каржылык колдоону орус тилинде тартылган көркөм, даректүү, ошондой эле илимий-популярдуу тасмалар ала алышат. Сынакка 18 жаштан жогорку чет элдик жарандар, чет өлкөлүк коммерциялык компаниялар жана коммерциялык эмес уюмдар катышууга чакырылат.
Толук маалымат алып, билдирме тапшыруу «Евразия–Кинофест» сайтында жеткиликтүү. Документтерди кабыл алуу 15-декабрда аяктайт.

Back to top button