Коом
Жол талашып мушташкан айдоочуларга 10 миң сом айып пул салуу сунушталууда

Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жол талашып мушташкан айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Аны 66 депутат колдоп добуш берди.
Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, жолдо чыр-чатак чыгарып, мушташкан айдоочуларга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу каралган. Ал эми мындай укук бузуу экинчи жолу кайталанган учурда, айдоочу бир жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.
Белгилей кетсек, соңку кездери унаа жолдорунда пикир келишпестиктен улам мушташа кеткен айдоочулардын окуялары көп катталып, коомчулукта кызуу талкуу жана нааразычылык жаратып келет.



