Коом
Талантбек Иманов тарыхый-маданий объектилерди сактоо фондунун директору болуп дайындалды

Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов кызматын айкалыштыруу менен «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий объектилерин сактоо жана калыбына келтирүү» коомдук фондунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге 25-ноябрда президент Садыр Жапаров кол койду.
«Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий объектилерин сактоо жана калыбына келтирүү» коомдук фонду — өлкөдөгү архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча иштерди каржылоого жана колдоого катышкан коммерциялык эмес уюм.



