Окуялар
Бишкекте Айтматов проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишинде эки автобус кагышты

Бүгүн, 26-ноябрда борбор калаанын Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишинде №153 жана №10 каттамдагы эки жүргүнчү ташуучу автобус кагылышты.
Окуя болгон жерден тартылган видеотасмалар социалдык тармактарга жарыяланды.
Күбөлөр тарткан кадрлардан коомдук транспорттордун кагылышканын көрүүгө болот. Ошондой эле видеонун автору кырсык катталган жерде борбор калаанын вице-мэри Рамиз Алиев да жүргөнүн билдирген.
Азырынча тиешелүү кызматтар тарабынан бул жол-транспорт кырсыгы боюнча расмий маалымат бериле элек.



