Муфтият «Нур Умра Трэвел» компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды

Ажылык жана умрага даярдык боюнча ведомстволор аралык комиссия «Нур Умра Трэвел» компаниясынын 2026-2027-жылдардагы умра сапарын уюштуруу боюнча аккредитациясын жокко чыгарды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармлыгы билдирди.
Чечим комиссиянын 25-ноябрдагы жыйынында кабыл алынды. Комиссия, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен компаниянын ортосундагы келишимди бир тараптуу тартипте бузууну чечти.
Муфтият кыргызстандыктарды умрага «Нур Умра Трэвел» аркылуу катталбоого, компания менен келишим түзбөөгө, ал эми компаниядан сертификат алып койгондорду сапарга чыкпоого чакырды.
Муфтият умрага баруудан мурун компаниянын аккредитациядан өтүп-өткөнүн жана сапар уюштурууга укугу бар-жогун текшерүүнү сунуштайт.
Буга чейин кичи ажылыкка сапар уюштурууда алдамчылык кылган деген шек менен «Нур Умра Трэвел» компаниясынын жетекчиси кармалган. Себеби кичи ажылыкка бараткан кыргызстандыктар Ташкенттен чыга албай калышкан. Алардын айрымдары кошумча акы төлөө талабына туш болушкан.
Милициянын маалыматы боюнча, компания зыяратчыларды муфтияттын тиркемесинде каттабастан, сапарды Өзбекстан аркылуу уюштурган. Видеокайрылууда жарандар компаниянын жетекчиси сапарды улантуу үчүн алардын ар биринен кошумча 100 доллар талап кылганын айтышты.
Кылмышка шектелип «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынын жетекчиси, 1983-жылы туулган М. К. кармалган жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.



