Коом

Улуттук банкка үч жылда кибералдамчылык боюнча 522 арыз түшкөн

Улуттук банкка 2024-жылдан бери кибералдамчылык боюнча 522 арыз түшкөн. Бул маалыматты бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын өкүлү Азамат Карабаев депутат Токтобүбү Ашымбаеванын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Карабаевдин айтымында, Улуттук банктын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнө 2024-жылы 140, 2025-жылы 249, 2026-жылы 133 адам кайрылган. Бул сандарга Ички иштер министрлигине (ИИМ) түшкөн арыздар кирбейт. Арыздардын канчасы оң чечилгенин Карабаев так айта алган жок.

Арыз түшкөндө Улуттук банк ИИМ менен бирге иш жүргүзөт. Жабырлануучу банкка дароо кайрылса, которулган акчаны бөгөттөөгө мүмкүнчүлүк болот. Кеч кайрылганда акча чыгарылып кетип, аны бөгөттөө мүмкүн болбой калат. Алдамчылыкка каршы антифрод-системасы түзүлүп жатканы кабарланды.

Эгер коммерциялык банктын антифрод-системасында кемчилик табылса, Улуттук банк ага мыйзам чегинде административдик айып пул салып, эскертме берет жана күнөөлүү кызматкерлерге чара көрүүнү талап кылат. Карабаевдин сөзү боюнча, айрым учурларда жарандар SMS-коддорду алдамчыларга өздөрү берип коюшат.

Ашымбаева коммерциялык банктардын биринин кардарынын окуясын мисал келтирди. Анын айтымында, жаран РИИБге арыз жазып, банкка да ошол замат кайрылган. Алдамчылар акчанын бир бөлүгүн чыгарып кетүүгө үлгүрүшкөн, ал эми бөгөттөлгөн калган сумманы банк азырга чейин кайтара элек. Депутаттын сөзү боюнча, банкта кардардан «Балким, сен өзүң шылуунсуңбу?» деп сурашкан. Жаран Улуттук банкка кайрылган эмес. Карабаев жабырлануучунун аты-жөнүн алып, окуяны тактоого убада берди.

ИИМдин өкүлүнүн айтымында, .kg зонасында жайгашкан фишингдик сайттар дароо бөгөттөлөт. Чет өлкөлөрдөн жасалган чабуулдарга каршы аракет көрүү кыйын жана көп убакытты талап кылат, ошондуктан ведомство түшүндүрүү иштерине басым жасайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button