Сары-Челекке электробус жүргүзүү пландалууда

Сары-Челекте аянты 500 чарчы метр болгон конок тосуу борборун куруу, санитардык модулдарды жабдуу жана туристтерди электробустар менен ташууну уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу 25-ноябрда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Долбоорду 2027-жылы ишке ашыруу болжолдонууда.
Кубатовдун айтымында, визит-борбордо дааратканалар, коворкинг, кофекана, дүкөн, кир жуучу жай жана түнөп калууну каалаган туристтер үчүн мейманкана бөлмөлөрү каралат.
Мындан тышкары, эң көп барган жайларга европалык стандарттагы үч санитардык модуль орнотуу пландалууда.
Ошондой эле чаңдын көлөмүн азайтуу максатында Сары-Челектин ичине карай кеткен жолду асфальттоо каралган.
Аймактын ичинде жүрүү үчүн электробустар системасын уюштуруу пландалууда. Долбоорго ылайык, 20 автобус сатып алынып, алар үч аялдама боюнча — көзөмөл-өткөрмө пунктунан көлгө чейин каттайт.
«Ал жерде үч аялдама болот. Туристтер түшүп, көлдү жана анын кооздугун көрүшөт, андан кийин кайра кайтышат. Көлдүн жээгинде унаа токтотуучу жайлар болбойт», — деп түшүндүрдү Кубатов.
Туристтер жол кирени жана жаратылыш паркына кирүү акысын QR-код аркылуу төлөй алышат.
Ошол эле учурда жеке автоунаалардын түз эле көлдүн жээгине чейин кирүүсүн чектөө пландалууда. Агенттиктин башчысынын айтымында, туристтер негизги жайларга электробустар менен жете алышат, андан соң транспорт белгиленген каттам боюнча кайтып турат.



