Окуялар
Балыкчыда каракталгандай болуп чоң акча жашырууга шектелген бир туугандар кармалды

Балыкчы шаарында каракталгандай түр көрсөтүп, ири суммадагы акчаны жашырууга шектелген бир туугандар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, инкассатор болуп иштеген С.Э. төлөм терминалдарынан чогулткан 7 миллион 137 миң 400 сомду банкка тапшырбай, атасынын дачасына калтырган. Кийин акчаны агасы башка дачанын короосуна каткан.
Андан соң инкассатор өзүнүн мойнуна бычак менен жаракат келтирип, белгисиз адамдар тапанча менен коркутуп, 8,6 миллион сомун тартып алганын билдирген. Текшерүүдө анын көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбегени аныкталган.
Шектүү жана анын агасы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.



