Кыргызстан менен Кытай өткөрүү пункттарын башкаруу боюнча биргелешкен комитет түзүүдө

Министрлер кабинети Өткөрүү пункттарын башкаруу чөйрөсүндөгү кызматташуу боюнча Кыргыз-Кытай комитетинин кыргыз тарабынын курамын бекитти.
Тиешелүү №872-т буйругу 2026-жылдын 19-ноябрында кабыл алынды. Комитет Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытайдын Бажы башкы башкармалыгынын ортосунда 2026-жылдын 31-августунда Бишкекте кол коюлган макулдашууну ишке ашыруу үчүн түзүлүүдө.
Комитеттин негизги милдети кыргыз-кытай өткөрүү пункттарын башкарууга байланышкан маселелерди координациялоо болот. Мамлекеттик бажы кызматы кыргыз тараптын иштерин жана Кытайдын тиешелүү мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнү координациялайт.
Комитеттин кыргыз тарабы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын өкүлдөрүн, эксперттерди жана адистерди тартууга, ошондой эле комитеттин компетенциясынын чегинде маселелерди кароо үчүн зарыл маалыматты суроого укуктуу болот.
Кыргыз тарабынын жетекчиси болуп Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурбек Чегирткеев. дайындалды. Анын орун басары МБКнын бажы көзөмөлүн уюштуруу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Адилет Бердибеков болду.
Комитеттин курамына ошондой эле ИИМ, Транспорт министрлиги, Саламаттыкты сактоо, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрликтринин, Чек ара жана Бажы кызматынын өкүлдөрү кирди.
Мамлекеттик органдарга өз өкүлдөрүнүн комитеттин иштерине катышуусун жана кытай тарабы менен жетишилген макулдашууларды аткарууну камсыздоо тапшырылды.



