Коом
Арча-Бешик конушунда жаңы сквер ачылды

Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы Шералиев көчөсүндө тургундардын жаңы коомдук жайдын ачылышы болуп өттү.
Көрктөндүрүлгөн аймактын жалпы аянты 0,6 гектарды түзөт. Бул жерде футбол жана баскетбол аянтчалары, эки воркаут-зона, бастырманын астында шахмат ойноочу жай жана балдар үчүн эки оюн аянтчасы уюштурулган.
Оюн аянтчалары резина менен төшөлгөн. Мындан тышкары, таман таш төшөлүп, жарыктандыруу системасы орнотулган. Ошондой эле отургучтар жана таштанды челектери коюлган.
Ачылыш аземинин алкагында концерт уюштурулду.
Башкы подрядчы — «Левел Билдинг» жоопкерчилиги чектелген коому.
Мындан тышкары, Ленин районунун акимине коомдук жайдын айланасындагы жолдорду куруу маселесин кароо тапшырылды.



