Коом

Равшанбек Сабиров Түрк инвестициялык фондунун президенти менен инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түрк инвестициялык фондунун президенти Кубанычбек Омуралиев менен жолугушту.


Жолугушууда тараптар кызматташтыкты кеңейтүү, Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестиция тартуу жана Фонддун келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык потенциалын тааныштырып, инвесторлордун укуктарын коргоо жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.


Инвестиция тартуунун артыкчылыктуу багыттары катары энергетика, транспорт жана логистика, туризм, агроөнөр жай комплекси, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана критикалык минералдар белгиленди.

Ошондой эле тараптар 2026-жылдын 28-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Улуттук агенттик менен Түрк инвестициялык фондунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун практикалык кадамдарын талкуулашты.


Кызматташтыктын негизги багыттары инвестициялык демилгелерди илгерилетүү, долбоорлорду түзүмдөштүрүү жана биргелешип каржылоо, ошондой эле инвестиция тартуу боюнча биргелешкен иштерди активдештирүү болду.

Тектеш кабарлар

Back to top button